• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирустан экинчи адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан экинчи адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликтен билдиришкендей, 4-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 80 жаштагы бейтапта COVID-19 вирусу тастыкталып, биологиялык өлүм аныкталды.

"Бейтап чет өлкөдөн Кыргызстанга кайтып келген, стационардык обсервацияда клиникалык көрсөткүчтөр боюнча дарыланып жаткан. Бейтап ооруканага жаткырылгандан бери республиканын алдыңкы медициналык адистеринен кеңеш алып, тиешелүү дарылануу жүргүзүлгөн. Бирок, бейтаптын ЭКГда миокарддын курч инфаркт көрсөткүчү менен абалы чукул өзгөргөн. Жүргүзүлгөн ыкчам терапияга карабастан, бейтап каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 5-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталып, ооругандардын саны 147 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий