• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда коронавирусту кайрадан жуктуруп алган учур катталган жок - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирусту кайрадан жуктуруп алган учур катталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, башка өлкөлөрдө дагы мындай учурлар катталган эмес.

"Буга чейин Европа өлкөлөрүнүн биринде кайрадан аталган илдетти жуктуруп алган бир учур аныкталган. Бирок биздин өлкөдө мындай окуя боло элек", - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 28-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 104 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 46 миң 355ти түзөт. Алардын ичинен 42 миң 619 киши айыгып чыкты, 1 миң 64 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий