• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда өлүмдүн 52%дан ашыгы жүрөк-кан тамыр ооруларына туура келет

Ден соолук 0

Бишкек, 16.05.23./Кабар/. Кыргызстанда өлүмдүн 52%дан ашыгы жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу.

Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырованын айтымында, жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу иш-чараларынын алкагында Кардиологиянын "Тез жардам" программасы кабыл алынып, ага ылайык 5 жылдын ичинде каза болгондордун санын 25%га кыскартуу пландалууда.

Белгилей кетсек, мындай маалымат министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун академик Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна болгон иш сапарынын алкагында белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий