• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда майда электрондук тахографтарга карточкалар чыгарыла баштайт

Коом 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Кыргызстанда майдын аягында электрондук тахографтарга карточкаларды (чип карта) чыгаруу болжолдонууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматында белгиленгендей, министрдин орун басары Бекжан Рысмендеев баштаган ведомство кызматкерлери, Эл аралык ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү жана Европа өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандык айдоочулар катышкан жолугушуу өттү.

Анда 1970-жылдын 1-июлундагы Женева шаарында түзүлгөн Европа макулдашуусун жүзөгө ашыруу, анын ичинде Кыргызстандын аймагында электрондук тахографтарга карточкаларды даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер каралды.

“Азыркы мезгилде картаны чыгаруучу компания карточкаларды сертификаттоо боюнча иш алып барууда. Зарыл болгон үч сертификаттын экөө алынды. Европа комиссиясынын Биргелешкен изилдөө борборуна картанын шайкештик сертифкатын алууга арыз берилди. Болжол менен Кыргызстандын аймагында картаны (шайкештик сертифкатын алуу датасына жараша) май айынын аягынан тарта чыгаруу пландаштырылып жатат”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.


Маалымат үчүн: Тахограф - бул транспорт каражаттарынын бортунда орнотулган башкаруучу жабдуу. Анын жардамы менен ылдамдык, иш тартип, айдоочулардын жана бригаданын мүчөлөрүнүн эс алуусу эсепке алынат. Карточкада болсо, айдоочу жана унаа тууралуу маалыматтар камтылат.

Пикир

Оставить комментарий