• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Бүгүн саат 08:00дө Кыргызстандагы бардык шайлоо тилкелери ачылып, президентти шайлоо жана референдумга добуш берүү башталды. Бул тууралуу Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.

Анын айтуусуна караганда, жалпы 2 миң 474 шайлоо участогу түзүлгөн. Анын ичинен 2 миң 428 шайлоо тилкеси Кыргызстандын аймагында болсо, дүйнөнүн 28 өлкөсүндө 48 шайлоо участогу ачылган.

Шайлоо жана референдумга 3 млн 563 миң 574 жаран катыша алат. Шайлоочулардын акыркы тизмеси 2021-жылдын 2-январында түзүлүп, бардык шайлоо тилкелерине илинген. Ошондой эле шайлоочулар өзүн tizme.gov.kg сайтынан тактай алат.

Эң көп шайлоочулар Ош облусунда – 20%. Андан кийин Жалал-Абад, Чүй облусу жана Бишкек шаарында добуш бере турган жарандар басымдуулук кылат. Ал эми эң аз добушту Ош шаары жана Талас облусунун жарандары берет.

Эске салсак, бүгүн президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүүгө) өтүүдө.

Жалпы талапкерлердин саны 17и, алар:

  1. Жапаров Садыр Нургожоевич;
  2. Исаев Канатбек Кедейканович;
  3. Арстанбек Мыктыбек;
  4. Сооронкулова Клара Сыргакбековна;
  5. Ташов Имамидин Асамидинович;
  6. Тагаев Рашид Бакирович;
  7. Сегизбаев Абдил Кеңешевич;
  8. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич;
  9. Касенов Аймен Абдыталипович;
  10. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич;
  11. Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович;
  12. Абакиров Эльдар Курманбекович;
  13. Асанов Курсан Сатарович;
  14. Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич;
  15. Жеенбеков Равшан Бабырбекович;
  16. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич;
  17. Тольбаев Бабыржан Латиханович;
  18. Иманалиев Каныбек Капашович.

Референдумда өлкөнүн башкаруу формасын тандоо боюнча маселе көтөрүлүүдө:

- президенттик башкаруу;
- парламенттик башкаруу;
- бардык варианттарга каршы.

Пикир

Оставить комментарий