• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Шайлоо жана референдум. Алгачкы добуш берүү участогу Южно-Сахалинскте ачылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-январында, жергиликтүү убакыт боюнча саат 08.00дө (Бишкек убактысы боюнча 03.00) Южно-Сахалинск шаарындагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин кеңсесинде №9013 шайлоо участкасы ачылган, Южно-Сахалинск ш., Мир проспектиси, 2б / 5.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шайлоо участкасы жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00дө жабык болот. Южно-Сахалинск шаарындагы Кыргыз Республикасынын шайлоо участкасында шайлоочулардын тизмесинде КРын 851 жараны катталган.

"Эгерде сиз өзүңүздүн шайлоо участкаңызды таба албай кыйналсаңыз, анда консул Б.Асаналиевге кайрылыңыз. Байланыш телефону: 89778529098. Сизде сөзсүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун түрлөрү болушу керек - Кыргыз Республикасынын жаранынын ички паспорту, Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык же кызматтык паспорту. Элчилик жарандарды добуш берүүгө активдүү катышууга чакырат!", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий