• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Президенттик шайлоого катышуу үчүн 63 жаран арыз берди, экөө жарыштан чыкты

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 15.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияга 65 жаран арыз тапшырган. Алардын ичинен Б. Бакетаев менен Ж. Тургуналиев арыздарын кайра кайтарып алды. Бул тууралуу КР БШКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 62си президенттикке талапкерлигин өзүн-өзү көрсөтсө, бир талапкер саясий партиянын атынан сунушталган. Талапкерлердин сегизи аял, 55и эркек.

  1. Абдыкаар Сыдыков — пенсионер;
  2. Адахан Мадумаров — «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери;
  3. Азамат Эсенбеков — Москва районунун мурдагы акими;
  4. Аймен Касенов — РКӨФ башкармасынын мурдагы мүчөсү ;
  5. Арстан Алай — активист;
  6. Мыктыбек Арстанбек – "Халал" индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси;
  7. Бектур Асанов — Жалал-Абад облусунун мурдагы башчысы;
  8. Жеңишбек Байгуттиев — «Толубай» АКБ ЖАКсынын директорлор кеңешинин кеңешчиси;
  9. Канат Исаев — ЖКнын мурдагы төрагасы;
  10. Клара Сооронкулова — Конституциялык палатанын мурдагы судьясы;
  11. Кубан Чороев — экономист;
  12. Кубанычбек Кадыров — ИИМ башчысынын мурдагы орун басары;
  13. Назарбек Нышанов — активист;
  14. Нурлан Мотуев — активист;
  15. Рашид Тагаев — «Ошгаз» филиалынын мурдагы директору;
  16. Сазыкбай Турдумалиев — «Улутман» партиясынын төрагасы;
  17. Элеонора Турдубекова - Ч. Базарбаев атындагы хореографиялык окуу жайынын интернатынын башчысы;
  18. Садык Шер-Нияз – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  19. Урустам Кабылбеков - Г. Мерцбахер атындагы мөңгүлөрдү сактоо боюнча коомдук экологиялык фонддун президенти;
  20. Ильгиз Товкеев – учурда убактылуу иштебейт;
  21. Бактыбек Калмаматов – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
  22. Жамбылбек Камчиев – куудул.
  23. Арсланбек Малиев Касымакунович - Чет өлкөлөр менен кызматташуу жана достук кыргыз коомдорунун бирикмесинин президенти;
  24. Токтайым Уметалиева – «Ай-Данек» гезитинин редактору.
  25. Бакыт Романов - убактылуу иштебейт;
  26. Куттуумидин Базаркулов - «Дербиш фондунун директору»;
  27. Анар Зарипова - Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университеттин деканы.
  28. Курсан Асанов - ички иштер министринин мурдагы орун басары;
  29. Бакир уулу Турсунбай - «МЗФ Групп в Кыргызстане» ЖЧКсынын башкы директору;
  30. Марат Кайыпов – убактылуу иштебейт (мурдагы юстиция министри);
  31. Карагач Исмаилова - №44 мектептин мугалими;
  32. Турсунбек Жумабеков
  33. Ербол Токтогулов - иштебейт;
  34. Имамидин Ташов - ОсОО «KG Group» ЖЧКсынын башкы директору.
  35. М. Болгомбаев;
  36. Темирлан Ормуков – эмгек тажрыйбасы жок;
  37. Садыр Жапаров – КР премьер-министри;
  38. Каныбек Иманалиев – ЖК депутаты;
  39. Орозобек Мадинов - адвокат;
  40. Анаркуль Араева - пенсионер;
  41. Акжолтой Тукунов - «Балыкчы Ак-Жол Ынтымагы» коомдук бирикмесинин төрагасы;
  42. Равшан Жээнбеков – убактылуу иштебейт;
  43. Тынчтык Акжолтоев - ишкер;
  44. Айбек Эркетаев - убактылуу иштебейт;
  45. Санжарбек Энназаров - «Дари Строй» ЖЧКсынын директору;
  46. Юлия Лилиенталь – башталгыч класстардын мугалими;
  47. Чыңгыз Капаров - убактылуу иштебейт;
  48. Жаныбек Сүйүналиев - убактылуу иштебейт;
  49. Жеенбек Искендеров – Бишкек көп тармактуу тоо-кен колледжинин улук окутуучусу;
  50. Кубанычбек Исабеков - «Нарын» ЖЧКсынын башкы директору;
  51. Базарбай Темишов - пенсионер;
  52. Бактыбек Жумагулов – «Борбор Азиянын өнүгүү жана тынчтык институту» коомдук фондунун төрагасы;
  53. Бакыт Керимбеков - КР Пауэрлифтинг федерациясынын президенти;
  54. Елена Клипачева – адвокат.
  55. Бабыржан Тольбаев - «М Булак» ММК ЖЧКсынын башкы директору;
  56. Султан Ажиматов - «Сервискомп KG» ЖЧСынын директору;
  57. Адилет Маматов - «Бишкек санитардык таштанды жайы» муниципалдык ишканасынын бөлүм башчысы;
  58. Кубанычбек Токтосунов - убактылуу иштебейт;
  59. Улукбек Кочкоров - убактылуу иштебейт;
  60. Элдар Абакиров - убактылуу иштебейт;
  61. Абдил Сегизбаев - убактылуу иштебейт;
  62. Мирлан Калыбеков - убактылуу иштебейт;
  63. Саматбек Ибраев – ЖК депутаты.

Пикир

Оставить комментарий