• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда россиялык «Спутник Лайт» вакцинасы каттоодон өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда COVID-19га каршы россиялык бир компоненттүү «Спутник Лайт» вакцинасы каттоодон өттү. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Республикалык иммунопрофилактикалык борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, аталган вакцинаны сатып алуу маселеси талкууланбайт. «Азырынча өлкөдө коронавирус инфекциясына каршы эмдөө эки компоненттүү «Спутник V» вакцинасы менен жүргүзүлүүдө».

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдиргендей, 2020-жылы 5-декабрдан 2021-жылы 15-апрель аралыгында вакцина менен эмделген россиялыктардын эмдөөдөн соң 28-күндөн тартып анализдеринин жыйынтыгы боюнча «Спутник Лайт» бир компоненттүү вакцинасынын натыйжалуулугу 79,4%ды түздү.

«Спутник Лайт» «Спутник V»вакцинасынын биринчи компоненти - дүйнөдө коронавируска каршы катталган биринчи вакцина болуп саналат.

«Спутник V» жана «Спутник Лайт» вакциналары суут тийип, адамзаттын миңдеген жылдардан бери кездешип келе жаткан аденовирустук векторлорунун далилденген жана изилденген платформасына негизделген.

«Спутник V» вакцинасында эмдөө процессинде эки укол үчүн эки башка вектор колдонулат, бул эки укол үчүн жекирүүнүн бирдей механизми колдонулган вакциналарга салыштырмалуу күчтүү иммунитет жаратат.

Аденавируска каршы вакциналардын коопсуздугу, натыйжалуулугу жана узак мөөнөттүү терс таасирлердин жоктугу жыйырма жыл аралыгында 250дөн ашуун клиникалык изилдөөлөрдө далилденген.

«Спутник V» жана «Спутник Лайт» вакциналары аллергия пайда кылбайт.

"Спутник V" жана "Спутник Лайт" вакцинасын сактоочу температурасы + 2 + 8 градус цельсияда кадимки муздаткычта сактоого мүмкүндүк берет жана вакциналардын баасынын бир инъекциясы 10 доллардан төмөн болгондуктан ал бүткүл дүйнөгө жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий