• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда системаны жана бизнести талдоо боюнча I эл аралык конференция өтөт

Өкмөт 0

Бишкек, 02.10.23. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында Бишкек шаарында Борбор Азиядагы I аналитикалык курултай – Кыргызcтандагы системаны жана бизнести талдоо боюнча I эл аралык конференция өтөт.

Иш-чара президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын колдоосу менен уюштурулууда.

"Конференцияга Кыргызстандын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу тарабынан Беларусь, Россия, Кипр, Казакстандан тажрыйбалуу спикерлер чакырылган. Алар баалуу жана пайдалуу тажрыйбалары менен бөлүшүүгө даяр. Спикерлер "Газпромнефть – Санариптик чечимдер", "EPAM Systems", "Сбербанк", "Geek Brains", "Escalate", "ЮниКредит Банк", "VEB Technologies" сыяктуу компанияларда иш алып барган жана иштеп келет", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын бизнес-аналитиктеринин коомчулугу 2022-жылдын жазында түзүлгөн жана анын 400дөн ашуун катышуучусу бар. Коомчулук баяндамалардан баштап практикалык мастер-класстарга жана сессияларга чейин 10дон ашуун акысыз иш-чараларды өткөргөн.

Төмөндөгү шилтемелер аркылуу кененирээк маалымат алууга болот.

https://t.me/analystqurultay

https://t.me/ba_in_kg

Пикир

Оставить комментарий