• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 4, Ош облусу 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айылында турак үйдөн өрт чыгып, үйдүн ичиндеги 5 даана тигүүчү машина, кездеме, төшөнчү, 2 пластик терезе, 1 эшик жана документтер күйгөн.

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында турак үйдүн шыбы жана ичинде жайгашкан үй эмеректери күйгөн, өрттүн жалпы аянты 60 чарчы метрди түздү. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жашасын айылында жыгач устундуу тунике жана шифер менен жабылган жалпы аянты 75 чарчы метр болгон эки кабаттуу мал сарайдын чатыры жана сарайдын ичиндеги 80 түк чөп, 20 боо жүгөрү бакалы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий