• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстанда сутка ичинде 40 адамдан COVID-19 табылып, бир бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда 29-декабрга карата коронавирус дагы 40 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарына – 14, Чүй облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 50 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 266 бейтап, амбулатордук түрдө 312 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 592 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 730 киши айыгып чыкса, 2 миң 799 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий