• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 407 адам коронавирустан айыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 10.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда дагы 407 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 51 киши, Ош шаарында – 91, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда – 67, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 66, Баткен облусунда 41 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 32 миң 229га жетти.

Пикир

Оставить комментарий