• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 3 медкызматкер жуктурду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Кыргызстанда сутка ичинде коронавирусту 3 медкызматкер жуктурду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде Бишкек шаарында, Чүй облусунда жана Жалал-Абад облусунда бирден медкызматкер илдетке кабылган. "Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 224 учур катталды, алардын ичинен 161 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ге жетти. Алардын ичинен 224ү медицина кызматкери. Илдеттен 637 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий