• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча 118 агенттик иштейт

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу боюнча 118 жеке агенттик иштейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

Анын айтымында, жеке агенттиктер кыргызстандыктарды жумушка орноштуруу үчүн 20 өлкөгө жиберет.

“Кыргызстан Орто Азияда өлкөлөрү арасында бул багыттагы жеке агенттиктерге эң көп мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан өлкөгө кирет. Бирок алардын ичинде Улуу Британия менен Түштүк Кореяга жумушка орноштуруу менен алектенген бир дагы агенттикке уруксат кагаз берилген эмес. Корея же Британияга жумушка орноштуруу боюнча жарнамаларды мыйзамсыз деп эсептөөгө болот”, - дейт ал.

Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 12 айында жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу агенттиктерге 203 уруксат берилген. 2022-жылдын эки айында Кыргызстандын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу укугуна уруксат берүү жана узартуу үчүн 33 арыз келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий