• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык спортчу Асан Жанышов Иорданиядагы Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 20.08.23./Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 87 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/16 финалдык беттешинде Армениялык балбанды 9:2 эсебинде жеңди. 1/8 финалдык беттешинде польшанын балбанын 10:0 эсебинде жеңди.

1/4 финалдык беттеште Грециялык балбанга жеңилген. Коло медаль үчүн беттеште франциялык балбанды 12:4 эсебинде жеңди.

Пикир

Оставить комментарий