• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандыктар 2018-жылы 380 млн. сомдон ашык салыкты аралыктан төлөшкөн

Экономика 0

Бишкек, 24.01.19. /Кабар/. 2018-жылы Кыргызстанда өкмөттүн бюджетине перифериялык түзүмдөр аркылуу 381,7 млн сом суммасында 318 миң 872 салык төлөмдөрү жүргүзүлгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 138 миң 345 төлөмгө же 164,8 млн сомго көп, - деп билдирет Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, салык төлөөчүлөр арасында көбүрөөк колдонулганы болуп төлөм терминалдар эсептелет, алар аркылуу 271,9 млн сом суммасында 275 миң 410 төлөм жүргүзүлгөн.

Салыктарды төлөөнүн башка инновациялык методдору да пайдаланылган. Мисалга алсак, банкоматтар аркылуу 19,4 млн сомго 19 миң 66 төлөм, веб-кассалар – 79,6 млн сомго 13 миң 555 төлөм, электрондук капчык – 5,7 млн сомго 7 миң 905 төлөм, интернет-банкинг – 3,6 млн сомго 2 миң 60 төлөм, мобилдик банкинг аркылуу – 608 миң сомго 536 төлөм жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы биринчи жолу Card reader пайдаланыла баштады, ал аркылуу 611,6 миң сомго 340 төлөм жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда, Кыргызстанда салыктарды төлөөнүн ар кандай инновациялык ыкмалары, анын ичинде “Интернет-банкинг”, “Мобилдик банкинг” системалары аркылуу, ошондой эле төлөм терминалдары, WEB-касса, банкомат, POS-терминалдар аркылуу (төлөмдүк банк терминалдарын пайдалануу менен) салык жана төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтар колдонулууда. Салык төлөөчүлөр бир катар салыктарды, анын ичинде ыктыярдуу патенттин негизинде салыкты, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк салыгын, киреше жана жер салыгын төлөө үчүн ушул кызматтардын каалаган түрүн пайдаланса болот.

Мамлекеттик салык кызматы аралыктан тейлөөнүн ар кандай ыкмалары менен калкка накталай эмес эсептешүүнүн тийиштүү кызматын көрсөтүү боюнча коммерциялык банктар менен жигердүү кызматташат. Учурда накталай эмес салык төлөмдөрүн кабыл алуу боюнча калкка кызмат көрсөтүү жөнүндө 19 банк менен келишим түзгөн. Мындан тышкары, 2018-жылы уюлдук байланыш операторлордун бири менен биргеликте "Balance" мобилдик тиркеме аркылуу салыктарды төлөө функциясы ишке ашырылган.

Салыктарды төлөөнүн жаңы инновациялык ыкмаларын жайылтуу өлкөдөгү салыктарды төлөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү, ошондой эле, салык органдарынын ишинин болушунча ачык айкындуулугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий