• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 25-30.06.2018

Аналитика 0

Адам факторун азайтуу. КР Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар департаменти товар жана кызматтарды сатып алууда балдык системаны киргизүү демилгесин көтөрүп чыкты. КР Финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Озумбеков билдиргендей, бул мамлекеттик органдар менен алып келүүчүлөр ортосунда келишимди түзүүдө адамдык фактордун азайышын шарттайт.

Демилге көптөн бери эле сунушталып келе жаткан, бирок балдык баалоо критерийлери боюнча жумушту аягына чейин иштеп чыгууну талап кылган.

Көйгөй формула аныктоону түзүүдө болду. Сунушталып жаткан “балдык система комиссиянын ар бир мүчөсү өзүнүн жеке бөлмөсүндө отуруп алып эле портал аркылуу тиешелүү талаптар, документтештирүү жагынан жөнөтүүчүлөрдүн сынактын билдирүүлөрүн баалаганга мүмкүндүк берүүнү шарттайт. Жыйынтыгында комиссиянын ар бир мүчөсүндө тиешелүү бир упай чыгып, аны кошкондо катышуучулардын рейтинги чыгат”, - деп түшүндүрдү Озумбеков.

Уставдык капитал көбөйдү. КР Өкмөтүнүн чечимине ылайык, «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 300 млн сомго көбөйтүлдү. Ал «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун ишмердигинин таасирдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын аймактарында чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин кепилдиктерге керектөөсүн кыйла толук канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.

«Кепилдик фонду» ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү тууралуу чечим Өкмөттүн 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасын аймактык өнүктүрүү Концепциясынын жоболорун ишке ашырууга багытталган.

Кадимки тартипте текшерүү. ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин декларациясы кадимки тартипте 2018-жылдын 1-июлунан тарта текшерилет. Мамлекеттик салык кызматынын салыктарды мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Мукай Нусуповдун айтуусунда, декларант 30-июнга чейин декларацияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугу бар.

“Бир-эки күндө мөөнөт аяктап, декларацияларды текшерүү башталат. Депутат Жолдошбаевдин декларациясы кадимки тартипте текшерилет. Ал декларация тапшырды”, - деди ал.

Аны менен бирге Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаровдун айтуусунда, мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер 2017-жылга карата киреше жана чыгашалары тууралуу маалыматты тапшырышты.

“Биз бул маалыматты текшеребиз. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк да текшерилет. Бул маалыматтар МККнан алынат”, - деди ал.

Мамкызматкерлердин декларациянын текшерүү. Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2018-жылдын 1-июлунан тарта мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин декларацияларын текшерүү боюнча кампанияны баштайт. МСКнын төрагасы Теңизбек Абжапаровдун айтуусунда, эгерде декларацияда такталбаган же толук эмес маалыматтар аныкталган учурда, ал боюнча документтер юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет.

“Үстүбүздөгү жылдын октябрь айынан баштап МСК өзүнүн расмий сайтына саясий, атайын, жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий жана жогорку администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлктөрү тууралуу жыйынды маалыматтарын жарыялап баштайт”, - деп билдирди ал.

Декларациялык кампания – 2017 үстүбүздөгү жылдын башынан тартып 1-мартка чейин юридикалык жактар үчүн, 1-апрелге чейин жеке жактар үчүн жүргүзүлдү.

БСД тапшырбагандар. 1800дөн ашун мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер Бирдиктүү салык декларациясын (БСК) тапшырышкан жок. МСКнын төрагасы Теңизбек Абжапаров маалымдагандай, ал жарандарга карата 1 млн. 330 миң сом өлчөмүндө айып салынган. “Азыркы учурда анын 600 миң сомдон ашыгы чогултулду”, - деп билдирди ал.

БСДын өз убагында тапшырбагандарга 2 миң сом өлчөмүндө айып тагылат.

Текшерүүлөргө мораторий. КР Өкмөтү Кыргызстанда бизнести текшерүүгө мораторий жарыялоону пландаштырууда. Бизнес менен инвестиция мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү рол ойнойт, - деп эсептейт КР премьер-министри М.Абылгазиев. Анын айтымында, “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын өнүктүрүүнүн алкагында 2022-жылга чейин Кыргызстан Эл аралык “Бизнес жүргүзүү” " (Doing Business) рейтингинде алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кириши керек жана бул максат ишке ашуусу үчүн бардык тиешелүү чаралар колдонулушу абзел.

“Кыргызстанда ишкерлердин жашоосун жеңилдетүү боюнча аракеттер улантылат. КР экономика министрлигине кызыктар органдар менен биргеликте эки ай ичинде бизнес-омбудсмен институтун түзүү боюнча укуктук негиздерди иштеп чыгуу сунушталды. Ошондой эле бир айдын ичинде бизнеске байланыштуу көйгөйлүү маселелер боюнча онлайн-платформаны иштеп чыгып, ишке киргизүү тапшырылды”, - деди КР премьер-министри.

Жазалоо функцияларын кыскартуу. Кыргызстандын өкмөтү бир катар биз бизнес-коомчулук менен чындап өнөктөштүк мамилелерди жөнгө салуу үчүн мамлекеттик органдардын жазалоо функцияларын кыскартууга басым коюп жатат. Бул жумада экономика министри Олег Панкратов ишкерлик субъекттеринин текшерүү процедураларына нааразычылыктарынын санынын көптүгүнө байланыштуу, үч жылдык мораторий жарыялоо чечими кабыл алынганын билдирди.

Жакынкы убакта биз онлайн режиминде товарлардын жылышын көзөмөлдөөнү шарттаган электрондук эсеп-фактураларын киргизебиз. Мамлекеттик салык кызматы бардык зарыл маалыматтарга ээ болуп жана ишкерлердин салыктык милдеттерин так көрүп турат. Ошону менен бирге Өкмөт белгилүү бир жеңилдиктерди берүү жолу менен накталай эмес эсептешүү тутумун өнүктүрүүнү өбөлгөлөйт», - деп баса белгиледи экономика министри Олег Панкратов.

Банктагы атайын режим. Кыргызстандын Улуттук банкы “Евразиялык Сактык Банкы” ААКсына Убактылуу администрация атайын режими киргизилди. Тиешелүү токтом 2018-жылдын 27-июнунда Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынды. Атайын режим 28-июнунан тарта алты айлык мөөнөткө киргизилди.

Абдулдабеков Р.А. "Евразиялык Сактык Банкы" ААКнын Убактылуу администратору болуп дайындалды.

ЭВФ иштеп жатат. Кыргызстанда ушул аптада Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) өз ишин баштады. КР Улуттук банктын маалыматына ылайык, ЭВФ миссиясын 28-июнда баштады.

Визиттин максаты – бул өлкө экономикасындагы акыркы жагдайларды, 2018-жылга болгон мамлекеттик бюджеттин аткарылышын жана жакынкы мезгилдерге болгон келечектүү пландарды талкуулоо.

Сапардын алкагында КР өкмөтүнүн, Улуттук банктын жана башка каржы уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлөт. Миссиянын иши 2018-жылдын 9-июлунда аяктайт.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий