• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча курамасы Дубайдагы Гран-приге катышат

Спорт 0

Бишкек, 22.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын пара жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Дубайда өтө турган Гран-приге катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 21-февраль күнү башталып, 3-мартка чейин уланат.

Курама команданын тизмеси:

1. Бактыбек Мусаев - спорт чебери;
2. Адина Самыйбек кызы - спорт чеберине талапкер;
3. Кундуз Абирова - жардамчы.

Улуттук курама команданын мүчөлөрү машыктыруучу Алмаз Абировдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Пикир

Оставить комментарий