• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанга германиялык ишкерлер тобу келет

Экономика 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Жакынкы арада Кыргызстанга Германиядан бизнес-делегациянын келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынан (СӨП) билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР СӨПтүн президенти Темир Сариев баштаган делегация өкүлдөрү Германияда иш сапары менен жүрүшөт. Анын алкагында Сариев Германия экономикасынын Чыгыш комитетинин Борбордук Азия боюнча аймактык директору Эдуард Киндсбрунер менен жолугушту.

Жолугушууга Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да катышты. Тараптар экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле кыргыз-герман форумун өткөрүү тууралуу сөз кылышты.

"Германия менен кызматташуу жаңы деңгээлге чыгууда. Биз экономикалык компонентти өнүктүрүшүбүз керек. Мындай жолугушуулар бизнес менен өз ара аракеттешүүгө түрткү берет", - деген КР СӨПтүн башчысы.

Мекемеден кошумчалашкандай, немис ишкерлери айыл чарба тармагында кызматташууга кызыкдар. Акыркы жылдары Германияга кара өрүк жана жаңгак экспорттолууда. Ошондой эле Германия рыногуна чыгуу үчүн келечектүү болуп, мисалы, Кыргызстандын топоздорунун жүнү жана териси саналат. Кыргызстандык ишкерлер Германияда жыл сайын ар кандай эл аралык көргөзмөлөргө катышат. Алар: "Зеленая неделя", "Biofach Nürnberg", "ITB Berlin", “Anuga”, "Bazaar Berlin" жана башкалар.

Пикир

Оставить комментарий