• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанга Россиядан бизнес-делегация келди

Коом 0

Бишкек, 08.08.23. /Кабар/. Кыргызстанга жаңы бизнес өнөктөштөрдү издөө максатында Россиядан делегация келди. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Россиялык ишкерлер агро өнөр жай комплексине өзгөчө кызыгуу көрсөтүп, айыл чарба тармагындагы келечектүү долбоорлорго инвестиция салууга даяр.

Ошондой эле жергиликтүү ишканаларга жабдууларды жеткирүүгө даяр. Россиялык ишкерлер КР Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен ушул жана башка маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий