• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кышкы олимпиада. Лыжачы Тимофеев 108 катышуусунун ичинен 40-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 22.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев Кореядагы кышкы олимпиада оюндарында жыйынтыктоочу 40-орунду ээледи.

Бүгүн Евгений Тимофеев слалом боюнча эркектер арасында мелдешке катышты. Бардыгы болуп спорттун аталган түрү боюнча мелдешке 108 спортчу катышты. Тимофеев биринчисинде аралыкты 1 мүнөт 1,56 секундда өтүп, 49-орунду алган. Кийин ал 40-орунга ээ болгон. Анын жыйынтыгы – 1 мүнөт 2,37 секунд.

18-февралда спортчу эркектер арасында чоң слалом боюнча мелдешке катышкан, анда бардыгы болуп 109 спортчу жарышка чыккан. Эки айлампанын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык спортчу 2 мүнөт 41,03 секунд жыйынтык көрсөтүп, 69-орунга ээ болгон.

Эске сала кетсек, кыргызстандык лыжачы Тариэль Жаркымбаев кышкы олимп оюндарына өзүнүн катышуусун жыйынтыктаган.

Белгилей кетсек, Пхенчханда (Түштүк Корея) өтүп жаткан 2018-жылдагы кышкы олимпиада оюндары 25-февралда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий