• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыштын акыркы күндөрү аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 28-февралга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Алсак, Бишкекте шаарында 24-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

25-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы ыктымал.

26-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-28-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусунда 28-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы

25-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

27-28-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-февралда күндүз жана 26-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Талас облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы ыктымал. 26-февралда күндүз жана 27-28-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-февралда күндүз жана 26-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-28-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-февралда күндүз жана 26-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ош шаарында күтүлгөн аба ырайы

25-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, ал эми күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы ыктымал.

26-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаап, күндүз жана 27-28-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-28-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-февралда күндүз жана 26-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жалал-Абад шаарында күтүлгөн аба ырайы

25-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы ыктымал.

26-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-28-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

28-февралга чейин Баткен облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-февралда түнкүсүн айрым жерлерде, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-28-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-февралда күндүз жана 26-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Баткен шаарында күтүлгөн аба ырайы

25-февралда күндүз мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

26-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

26-февралда күндүз жана 27-28-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. 26-февралда жана 27-февралда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

27-февралда күндүз жана 28-февралда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-февралда күндүз жана 26-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

25-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

26-февралда айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт.

27-28-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-февралда күндүз жана 26-февралда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий