• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кызыл-Кыя шаарында киши өлтүрүүгө шектелип мурда соттолгон жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында киши өлтүрүүгө шектелип мурда соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Облустук милициядан билдиришкендей, 12-июль күнү эртең менен болжол менен саат 07:00дө Кызыл-Кыя шаардык Ички иштер башкармалыгына Пионер көчөсүндө эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт Кылмыш жана жоруктрадын бирдиктүү реестринде Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуя жерине Кызыл-Кыя ШИИБнин ыкчам тергөө тобу барып, жансыз денеси табылган жаран киши колдуу болгондугу аныкталган. Ал Кызыл-Кыя шаарынын 36 жаштагы тургуну экендиги такталган.

“Кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу оор жана өтө оор кылмыштар боюнча соттолгон, 2019-жылдын сентябрь айында Токтогул шаарындагы жаза аткаруу мекемеси тарабынан издөөгө алынган Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы И.И. аттуу тургуну кылмыштан кутулуу максатында Бишкек шаарына качып бара жаткан жеринен Кызыл-Кыя шаарындагы автобекетте кармалган”, - деп билдиришти облустук милициядан.

Маркумдун денесинен алган жараатын аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий