• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кызыл-Кыя шаарындагы селдин кесепеттери жоюлууда

Аймак 0

Бишкек, 23.05.18. / Кабар/. 21-майда болжол менен саат 22:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Кызыл-Кыя шаарында жалпы 45 турак үйдүн короосуна (Караван айыл аймагынын Ак-Булак айылында – 38, Восток кичи районунда - 7) жана Кыл-Полот тилкесинде 3 көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүн, 3 чакырым ички чарбалык жолдорду жана 4,5 чакырым ички чарбалык арыктарды, Караван айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын №9 У.Гулматов атындагы орто мектебинин короосун, 2 чарбалык имараттын короосун сел суулары каптаган.

Ошондой эле 13-кичи районундагы Горкий жана Гагарин көчөлөрүндө жайгашкан турак үйлөрдү камсыздоочу Таштанды тилкесинде орнотулган таза суу түтүкчөлөрүн жараксыз абалга келтирилген. Чыгыш тилкесинде унаа өтүүчү көпүрөнү жууп, авариялык абалга келтирип жана КР ӨКМ тарабынан сел өтүүчү сайдын 360 метр бекемделген жердин 20 метр аралыгын жууп кеткен.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга КР ӨКМнин 38 куткаруучусу жана жергиликтүү тургундардан 25 адам, ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык коммуналдык техника кызматынан 1 жүктөгүч, 1 самосвал, 2 авариялык-куткаруу унаасы, 1 грейдер жана 10 кызматкер, Караван айыл аймагынан 1 экскаватор тартылды.

Тартылган күчтөрдүн аракетинде көп кабаттуу 3 үйдүн жер төлөөлөрүн тазаланды. 23-май күнү тазалоо жана калыбына келтирүү иш чаралары улантылат.

Пикир

Оставить комментарий