• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кызыл-Кыяда сууга чөккөн балдарга жардам көрсөтүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. Кызыл-Кыяда сууга чөккөн балдарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 3-майда саат 10:50дө Кызыл-Кыя шаарындагы Караван айылында балдар көлмөгө түшүп, суу жутуп алгандыктан өзүнө келе албай жаткандыгы кабарланган. Жерине куткаруучулар тартылып, сууга чөккөн балдарга жардам көрсөтүлгөн.

Натыйжада 2006-жылы туулган М.М. жана 2016-жылы туулган А.А аттуу балдар ооруканага жеткирилип, 2010-жылы туулган А.Т. биринчи жардам көрсөтүлгөн соң, үйүнө жөнөтүлдү.

Учурда үчөөнүн тең абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий