• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Баткенде дайынсыз жоголгон 33 жаштагы Данияр Сапаралиев изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 03.05.22. /Кабар/. Баткенде дайынсыз жоголгон 33 жаштагы Данияр Сапаралиев изделүүдө. Бул тууралуу баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Баткен районунун Чек айылынын тургуну 1988-жылы туулган Сапаралиев Данияр Абдиманнапович 2022-жылдын 27-апрель күнү болжол менен саат 23:30 чамасында үйүнөн өзүнө таандык болгон "Тико" үлгүсүндөгү мамлекеттик белгиси А 5627 К унаасы менен чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Бул факты Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталды.

Белгилери: бою 160-165 см, кашы-көзү кара, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийимдери: кара түстөгү спорттук костюм, кара түстөгү бут кийим.

"Эгерде кимдир бирөө Сапаралиев Данияр Абдиманнаповичти таанып, жүргөн жерин аныктап калса төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: (03622) 5-17-56; 0774 -77-86-88, 0709-73-66-37", - деп айтылат маалыматта

Пикир

Оставить комментарий