• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кызыл-Кыянын борбордук базарында өрт-тактикалык машыгуу өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.03.24. /Кабар/. Баткендин Кызыл-Кыя шаарынын “Таштемир ажы” борбордук базарында өрт-тактикалык машыгуу өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмү тарабынан уюштурулган машыгууда өрт катталган учурда өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгы, жеке ишкерлердин өрт коопсуздук эрежелерин сактоосу иш жүзүндө сыналды.

Машыгууга ӨКМдин өрттү көзөмөлдөө кызматынын инспекторлору жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери да катышып, өрт өчүрүү унаасына тоскоол болгон дүкөн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, акт түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий