• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Лебединовка айылында жеңил унаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Лебединовка айылында жеңил унаа Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 27-январь күнү саат 17:20да Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Лебединовка айылынын Береговая көчөсүндө “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Чоң Чүй каналына түшүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.

Жерине ӨКМдин Суучулдар кызматынан 5 суучул тартылып, унааны суудан чыгарып, ээсине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий