• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Өлкө боюнча коронавирус жуктурган 20 адам жандандыруу бөлүмүндө болууда

COVID - 19 0

Бишкек, 28.06.20. /Кабар/. Өлкө боюнча коронавирус жуктурган 20 адам жандандыруу бөлүмүндө болууда. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стационарда 685 адам, үй карантинде 1 миң 774 жаран бар.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-июнга карата коронавирус жуктурган 235 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4748ди түзөт. Алардын ичинен 2242 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 47 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий