• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өлкөдөн минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 22.02.22. /Кабар/. Министрлер кабинети тарабынан Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул чечим жазгы-талаа жумуштарынын мезгилинде ата мекендик айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоого багытталган.

Убактылуу тыюу салуу 6 айлык мөөнөткө киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий