• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Маданият министрлиги өспүрүмдөр жана студенттер үчүн чыгармачылык лагерь уюштурууда

Маданият 0

Бишкек, 17.06.23./Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министрлиги 19-24-июнь күндөрү көгүлтүр Ысык-Көл жээгинде алгачкы жолу өспүрүмдөр жана студенттер үчүн чыгармачылык лагерь уюштурууда.

Ведомстводон билдиришкендей, лагерге катышуучулар 2022-2023-окуу жылында вокал, классикалык инструменталдык аспаптар (скрипка, фортепиано, виолончель, гобой, кларнет) боюнча эл аралык конкурстарда, теориялык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болгон музыкалык мектептердин окуучуларынын, эл аралык конкурстарда алдыңкы көрсөткүч көрсөткөн маданият чөйрөсүндөгү жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттеринин арасынан тандалып алынды.

Алар, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин, М.Күренкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын, С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм-сүрөт окуу жайынын, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайынын, Ниязалы атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенттери, М.Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатында жашап окуган окуучулары жана аймактардан Алай, Ноокат, Ак-Талаа, Жайыл райондорунун, Жалал-Абад, Кара-Көл, Токмок, Нарын, Каракол жана Талас шаарындагы балдар музыкалык, искусство мектептеринин окуучуларынын курамынан турган 135 катышуучу болмокчу.

Лагердин программасында “Мен - кыргыз жараны” Концепциясынын алкагында интеллектуалдык оюндар, “Китеп дүйнөсүнө саякат: Айтматов жана Мен” темасындагы Ч.Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу таймаштары, “Театралдык устакана” аталышындагы сахналаштырылган спектакль, “Таланттар күнү” темасында музыкалык аспаптар арасында мастер класстар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий