• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылы 111 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогулткан

Коом 0

Бишкек, 09.01.24. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы 2023-жылдын 31-декабрына карата 111 млрд 503,3 млн сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыз кылды. План 103,6%га аткарылды же 3 млрд 904,4 млн сом ашыкча чогултулган.

Бажы кызматынан билдиришкендей, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү темпи 150,1%ды түздү же 37,2 млрд сомго көп чогултулду (2022-жылдын январь-декабрына карата факт 74,3 млрд сомду түзгөн).

Эске сала кетсек, 2023-жылдын январь-декабрына карата бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу 107 млрд 598,9 млн сом белгиленген.

"Бажы төлөмдөрүн алуунун мындай көрсөткүчү бажы кызматынын тарыхында биринчи жолу байкалууда. Мындай натыйжаларга жетүү үчүн бажы кызматы бизнес-процесстерди жөнөкөйлөтүү жана тездетүү, өткөрүү пункттарындагы кубаттуулукту жогорулатуу, санариптик чечимдерди киргизүү, контрабандага каршы күрөштү күчөтүү, коррупциялык схемаларды жоюу боюнча комплекстүү иштерди жүргүздү", - деп кошумчалашты Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий