• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мамлекеттик катчы “Идеология: актуалдуулугу жана келечекке перспективалары” илимий-практикалык конференцияга катышты

Коом 0

Бишкек, 29.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 29-декабрда, «Идеология: актуалдуулугу жана келечекке перспективалары» илимий-практикалык конференцияга катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мамлекеттик катчы белгилегендей, жыйын жалпы идеологияны калыптандыруу, өлкө жарандарынын арасында кандай улуттук баалуулуктарды жайылтуу керектиги тууралуу маселелерди талкуулоо, мамлекеттик саясатты жана идеологияны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатын көздөйт.

Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы институту 2009-жылга чейин иштеп, 2021-жылы калыбына келтирилгенин эске салды.

Ал өлкө жетекчилигинин негизги саясатын, мамлекет эмнеге умтулуп жатканын жана кайсы багытты жетекчиликке алаарын түшүндүрүү максатында түзүлгөн.

Илимий тегерек столдун алкагында Кыргыз Республикасындагы идеологиялык долбоорлор (философиялык-методологиялык аспектилери), экологиялык идеология, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык саясатын ишке ашыруудагы идеологиялык компонент жана башкалар талкууланды.

Иш-чарага ошондой эле абройлуу илимпоздор, өлкөнүн ар кайсы университеттеринен алдыңкы ЖОЖдордун окутуучулары жана жаш окумуштуулар, аспиранттар катышты.

Пикир

Оставить комментарий