• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Манасбек Самидинов жумушчу сапары менен "Талас" аэропортуна барды

Коом 0

Бишкек, 07.04.23. /Кабар/. Бүгүн, 7-апрель күнү "Манас" эл аралык аэропорту" ААК башкармалыгын төрагасы Манасбек Самидинов иш сапары менен Талас шаарындагы "Талас" аэропортуна барды.

Аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Манасбек Самидинов иш сапарынын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү – президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов, Талас шаарынын мэри Аскар Шабдановдор менен Талас аэропортунун жана аэродромдун курулуш иштеринин башталышы тууралуу маселени талкуулашты.

Төрага Манасбек Самидинов белгилегендей, "Манас" эл аралык аэропорту КР Транспорт жана коммуникациялар министирлиги менен бирдикте, асфальт-бетон төшөлгөн элементтердин андан аркы оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өткөрүп берүүнүн жол-жобосун иштеп чыгууда. Мындан сырткары, "Талас" аэропортунун аэродромунун учуп-конуу тилкеси, рулеждук жолчосу жана перрондорду оңдоп-түзөө пландалууда.

Ал кошумчалагандай, бул аткарылып жаткан иштер мамлекеттин пайдасына каражаттарды үнөмдөө максатында жасалууда.

Ошондой эле жолугушуу учурунда "Манас" эл аралык аэропортунун инфраструктура жана региондук өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов бүгүнкү күндө "Талас" аэропортунун жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык иш-кагаздары аяктоо этабында экенин айтты.

Эске сала кетсек, Талас аэропорту ишке берилсе саатына 100 жүргүнчүнү кабыл ала турганга шарт түзүлмөкчү. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2023-жылдын 3-4-кварталын түзөт. 2019-жылы "Талас" ААКнын өз күчү менен Талас аэропортунун аймагын тосуп-курчоо боюнча курулуш-монтаждоо иштери аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий