• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Марипов Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 08.05.23./Кабар/. Эр-Риядда Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин жаңы дайындалган башкы катчысы Жасем Мохаммад Аль-Будайви менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Кызматташтык кеңешинин ортосундагы кызматташтыктын күн тартибиндеги маселелерди жана аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар Кыргызстан менен Кызматташтык кеңешинин ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча жалпы умтулууларын тастыкташты.

Элчи Марипов Жасем Аль-Будайвини башкы катчы болуп дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде, Жасем Аль-Будайви Кызматташтык кеңештин мүчө-мамлекеттери менен Кыргызстанды бириктирип турган көптөгөн баалуулуктар бар экенин баса белгилеп, уюмдун башкы катчысы катары Кыргызстанменен мамилелерди мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар жетишилген келишимдерди илгерилетүү жана бийик жана жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу боюнча тыгыз макулдашылган ишти улантууга макулдашышты.

Маалымат үчүн: Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши 1981-жылы 25-майда түзүлгөн жана ага алты мамлекет – БАЭ, Бахрейн, Сауд Арабиясы, Оман, Катар жана Кувейт кирет.

Пикир

Оставить комментарий