• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Марипов: Талкаланган объектилерди ыкчам калыбына келтирүү маанилүү

Өкмөт 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө ар бир талкаланган объектини ыкчам калыбына келтирүү маанилүү. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов 10го жакын турак жай талкаланган Баткен облусунун Лейлек районунун Сада айылынын тургундары менен жолугушуусунда билдиргендигин, өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдайт.

«Тынч жарандарга карата кол салуу болоорун эч ким күткөн эмес. Мен буга баа бере албасам да, убакыт бардыгын өз ордуна коет. Учурда биз үчүн эң негизгиси – талкаланган обьектилерди калыбына келтирүү. Канча турак-жай жана инфраструктуралык объектилер талкалангандыгы, канча социалдык объектилер өрттөлгөндүгү эсептелип чыкты. Учурда тургундар өз турак-жайларына тезирээк кайтуусу үчүн бардык күч-аракеттер ушул милдетти чечүүгө багытталган»,- деди ал.

Улукбек Марипов белгилегендей, ар бир айтылган маселе кароосуз калбайт, айрым көтөрүлгөн маселелер боюнча иштер жүргүзүлүп баштаган.

«Калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүнгөн, анын 500 млн сому социалдык объектилерди курууга жана ремонттоого жумшалат, ал эми калган 200 млн сому талкаланган жана өрттөлгөн турак-жайларды калыбына келтирүүгө багытталат. Учурда келтирилген зыян көлөмүн баалоо боюнча атайы комиссия иш алып барууда, анын ишинин жыйынтыгы боюнча биз калыбына келтирүү ишинин активдүү фазасына киришебиз», - деди ал.

Андан соң Өкмөт башчы Арка-2 айылынын тургундары менен жолугушту, анда айылдыктар тарабынан кыска мөонөттө ыкчам чечүүнү талап кылган бир катар маселелер көтөрүлдү.

Кеп мамлекеттик чек араны тариздөө процессин жыйынтыктоо, турак-жайларды жана социалдык объектилерди калыбына келтирүү, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо, айылда жумуш орундарын түзүү тууралуу жүрдү.

Өкмөт башчы ошондой эле Максат айылынын тургундары менен жолугушту, анда жергиликтүү тургундардын негизги өтүнүчү катары көйгөйлүү маселелерди чечүү жолу аркылуу коопсуздукту камсыздоо турду.

«Чек ара маселесин чечүү оңой эмес. Ага көп жылдык тажрыйба далил. Бирок кыйынчылыктарга карабастан, олкө жетекчилиги мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесине чекит коюга ниеттенүүдө. Ал маселени чечүүгө чейин талкаланган обьектилерди калыбына келтирип, кадимки тынч жашоого кайтуубуз зарыл. Ондогон үйлөр өрттөнүп кетти, аларды калыбына келтирүүгө жардам берилет. Ошондой эле акыркы кайгылуу окуялардын жүрүшүндө өрттөнгөн, же жоголгон бардык документтер: паспорттор, ние тууралуу күбөлүк, мүлккө болгон документтер акысыз негизде калыбына келтирилет. Сиздер эч жакка чуркабайсыздар. Тийиштүү мамлекттик кызматтардын адистери, келтирилген зыянды баалоо боюнча кызматтар жеринде иш алып барат»,- деп белгиледи Премьер-министр.

Баткен облусунда бир катар социалдык объектилерди куруу пландаштырылууда. Атап айтканда, Кызыл-Бел, Ак-Сай, Моргун жана Борбордук айылдарында типтүү жалпы билим берүү мекемелери курулат, Максат айылында өрттөнүп кеткен мектеп калыбына келтирилип, бала бакча курулат, ошондой эле Кулунду айылында мектепке чейинки балдар мекемеси курулат. Мындан тышкары, бөлүнгөн каражаттар жаңы жолдорду курууга жана Миң-Булак – Чорго – Ак-Сай, Кок-Таш - Ак-Сай –Тамдык жолдорун оңдоого жумшалып, Ак-Сай - Рават, Кулунду – Максат - Арка, Чайхана – Ак-Сай, Кызыл-Бел – Достук жолдоруна асфальт төшөлөт.

Пикир

Оставить комментарий