• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Массалык түрдө уулануу: “Ала-Тоо” ресторанына айып салынып, убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Бишкектеги “Ала-Тоо” ресторанына 20 миң сом айып салынып, той учурунда 173 адамдын уулануусунун себеби такталганга чейин жабылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйындын жүрүшүндө КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү билдиришти.

Андан тышкары имараттын администраторуна 5 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Учурда окуя Мамсанэпидемкөзөмөл жана Бишкек ШИИББси тарабынан иликтенүүдө.

Массалык уулануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий