• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мекенди коргоочулар күнүнө карата ИИМдин атайын багыттагы полкунда майрамдык иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 23.02.22. /Кабар/. Бүгүн 23-февраль Ата Мекенди кооргоочулардын күнүнө карата ИИМдин атайын багыттаны полкунда майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө кызматта өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ички иштер министринин жана полктун командирин буйругу окулуп сыйлыктар тапшырылды.

Андан кийин полктун салтанаттуу күнү КР Ички иштер министрлигинин А.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун 3 айлык алгачкы даярдоо курсун бүтүрүп кеген жаш кызматкерлердин ант берүүсү менен коштолду. Ант бул, сөзгө, ишке, кыймыл-аракетке бекем туруу убадасы. Ант –укук коргоо органдарынын катарына кызмат өтөөгө чакырылган жарандардын салтанаттуу убадасы. Мекенге, элге берилгендигин билдирүү. Кызмат өтөөгө келген ар бир кызматкер Мекенинин ар-намысын, эркиндигин, көз карандысыздыгын коргоого, ак ниет болууга, Мекени үчүн каны-жанын аябоого ант берет.

Ата Мекенди кооргоочулардын күнү менен өздүк курамды полктун командири Аскат Султаналиев куттуктады.

"Кымбаттуу кесиптештер! Бул майрам - Мекенге берилип кызмат кылуунун символу болуп саналат. Ата-Мекенибиздин коопсуздугун сактоо - биздин кызматкерлердин, намыскөй уул – кыздарыбыздын мекенчил сезимин курчутат деп ишенем.

Ушул куттуу күнү чын жүрөгүмдөн ар бир үй-бүлөгө жакшылык, бакыт-таалай, ынтымак, береке жана бакубатчылык каалайм. Эр жүрөк, тайманбас адамдардын майрамы болгон ушул күнү сиздерге ар дайым ачык асман жана кучак толо кубаныч каалайм ал эми, жаңы катарга кошулган кызматкерлерге алдына коюлган милдеттерди так аткарып, берген антына бек туруп, ата-журттун тынчтыгын сактоодо жан дили менен кызмат өтөөсүнө тилектешпиз!", - деди лөз куттуктоосунда

Салтанаттуу иш-чара полктун кызматкерлеринин саптык жүрүшү менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий