• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Мексикада автобустун айдоочусу поездди ашып өтөм деп кырсыкка кабылды

Дүйнө 0

Бишкек, 08.01.20. /Кабар/. Мексиканын түндүк-батышында жүк ташыган поезд менен автобус кагышып, 7 адам каза болгонун Известия басылмасы жазат.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-январда болгон кырсыктан 7 адам каза болуп, 30дан ашыгы жабыркаган. Каза болгондордун арасында 16-30 жаш арасындагы 5 эркек киши, бир аял жана 16 жаштагы кыз болгон.

Сонора штатынын прокуратурасынын маалыматында, автобустун айдоочусу поездди көзөмөл-өткөрүү бекетинен ашып өтүүнү көздөгөн. Кырсыктан автобустун айдоочусу тирүү калган. Учурда анын спирт ичимдигин жана баңгизат колдонуп-колдонбогондугу текшерилүүдө.

Окуя болгон жерге медициналык тик учак жана тез жардам унаасы тартылган.

Поезд автобустту сүзгөндө ал 20 метр аралыкка ыргыган.

Пикир

Оставить комментарий