• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Mercedes-Benz Gelandewagen унаасы күйгөн: Өлкөдө сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкөнүн аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын А.Токомбаев көчөсүндө Mercedes-Benz Gelandewagen үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн.

Ошондой эле Ленин районунун Стаханов көчөсүндө аянты 24 чарчы метр бөлмө жана үй эмекректери күйгөн. Ал эми шаардын Свердлов районундагы №53 үйдүн жанында ачык аянтта 300 чарчы метр камыш күйгөн. Өртүн себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий