• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Мигранттардын эл аралык күнү: Дээрлик 700 миң кыргызстандык чет жакта иштеп жүрөт

Коом 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Дээрлик 700 миңге жакын кыргызстандык мигрант чет өлкөдө иштейт. Бул тууралуу мигранттардын эл аралык күнүнө арналган иш-чарада Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.

Анын айтуусунда, Кыргызстан үчүн миграция көйгөйү абдан актуалдуу.

“Кыргызстандык 600 миңден ашуун мигрант Россиянын аймагында иштейт. Ошол себептен Маммиграция кызматы Хабаровск, Тюмень жана Новосибирскте өкүлчүлүгүн ачкан. Ошондой эле Казакстан, Корея жана Европа өлкөлөрүндө биздин кеңселерди ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө”, - дейт Токтоболотов.

Ошондой эле ведомство чет өлкөдө мигранттарды колдоо жана алардын укуктарын коргоо боюнча иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий