• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстанга Словакиянын ТИМ башчысы ишкерлер тобу менен келүүсү күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. 5-апрелинде КР экономика министри Данияр Амангелдиевдин Словакиянын Кыргызстандагы элчиси Милан Коллар (резиденциясы Нур-Султан шаарында) менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнү жана түрдүү тармактарда кызматташуунун келечегин белгилешти.

Ошондой эле КР министрлер кабинети менен Словакия өкмөтүнүн ортосундагы кош салык салуудан качуу жана кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2022-жылдын март айында видеоконференция аркылуу өткөрүлүп жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Элчи Коллар Словакиянын тышкы иштер министри Иван Корчоктун ишкерлер тобу менен бирге Кыргызстанга келүү ниети тууралуу маалымат берип, ага байланыштуу тараптар эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда бизнес-форум уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары, инвестициялык чөйрөдө кызматташууну активдештирүү максатында элчи Евробиримдиктин жаңы шарттарын эске алуу менен Инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуунун долбоорун кайра карап чыгууну сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий