• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинде кыргыз-корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 25.03.24./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-корея кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары элчиге Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы, ошондой эле КР президентинин администрациясына техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде элчи кызматташуунун бардык артыкчылыктуу багыттары боюнча долбоорлорду колдоого даяр экенин айтты.

Соңунда КР президентинин администрациясына техникалык жардам көрсөтүү Актысына кол коюу аземи болуп өттү.

Пикир

Оставить комментарий