• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министрлер кабинетинин 100 күнү: 859 буйрук жана токтом чыгарылган

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. 2021-жылдын 12-октябрынан 2022-жылдын 19-январына чейинки мезгилде 859 акты чыгарылган, - деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

КР президентинин администрациясынын жетекчисинин буйруктары – 250;

КР министрлер кабинетинин токтомдору – 165;

КР министрлер кабинетинин буйруктары – 141;

КР министрлер кабинетинин төрагасынын буйруктары – 303.

Мындан тышкары, отчеттук мезгилде КРнын министрлер кабинетинин 9 кеңешмеси өткөн.

Пикир

Оставить комментарий