• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мирзиёев эки күндүк сапар менен Тажикстанга барат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 27-28-сентябрда Тажикстанга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу өзбек президентинин маалымат катчысы Комил Алламжонов билдирди.

Сапардын биринчи күнүндө эки тараптуу иш-чаралар болот. 2-сентябрда Өзбекстан президенти КМШ өлкө башчыларынын жыйынына катышат. Чакан жана кеңири чөйрөдө жолугушуулар болот жана бир катар документтерге кол коюлат.

Акыркы жолу эки өлкөнүн президенттери быйыл августта Ташкентте жолугушкан.

17-августта Тажикстан президенти Эмомали Рахмон соңку 20 жылда биринчи жолу Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келген.

Пикир

Оставить комментарий