• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мирзиёев менен Назарбаев эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулашты

Дүйнө 0

Ташкент, 13-июнь /Төлөнбай Курбанов - Кабар/. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казактстандын президенти Нурсултан Назарбаев телефон аркылуу сүйлөшүп, эки өлкөнүн кызматташуусундагы актуалдуу маселелерди талкуулашты. Бул туурасында Өзбекстандын тышкы саясат ведомствосу билдирди.

Өлкө башчылары ошондой эле, учурда актуалдуу болгон эл аралык жана аймактык маселелерди сүйлөшүштү.

Өзбекстандын президенти 8-9-июнда Астанага ШКУнун саммитине келген Өзбекстандын делегациясына жылуу мамиле жасалганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мирзиёев ошондой эле, Казакстандын президентин “Астана ЭКСПО-2017” эл аралык көргөзмөсүнүн жогорку деңгээлде уюшулгандыгы менен куттуктап, аны ийгиликтүү өткөрүп алуу тилегин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий