• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Москвада мекендешинен акча опузалап талап кылган 5 кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Москвада мекендешинен акча опузалап талап кылган беш кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-апрелде Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринде кыргыз улутундагы 8-9 адам мекендешине күч колдонуп, “УАЗ” үлгүсүндөгү автоунаага отургузуп, токой тарапка алып барышкан. Ал жерден курал менен коркутуп, ири суммадагы акча каражат (1 млн рубль) талап кылышкан.

Окуяга күбө болгондор полиция кызматына кабарлашкан. Полиция кызматкерлери жерине барып, 4 адамды кармашкан. Алардан ок атуучу курал, кызматтык тапанча, ок-даарылар, бычак, арматура, дубинкалар табылган.

Кармалган жарандардын бири Жалал-Абад облусунун 23 жаштагы А.А. аттуу тургуну уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар болгон. Дагы бир кармалган жаран Ноокен районунун 26 жаштагы А.С. аттуу тургуну белгилүү спорттук клубдардын биринде машыгат. Окуя болгон жерден дагы Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы Т. уулу А. жана Базар-Коргон районунун 24 жаштагы А. уулу Н. аттуу тургундары кармалган.

Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (“Киши уурдоо”) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (“Опузалап талап кылуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Июнь айында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар, изин жашырып жүргөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 23 жаштагы А.Э. аттуу тургуну кармалды. Опузалап талап кылууга жана киши уурдоого шектелген дагы бир жаран издөөгө алынган.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий