• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Москвада «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү маселеси талкууланды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Россиянын Москва шаарында «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-февралында Москвада КР менен РФнын ортосунда КР тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен РФ тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденконун деңгээлинде кезектеги ТИМдер аралык консультациялар болду.

Ага ылайык, соода-экономикалык, энергетикалык, туризм, маданий-гуманитардык, илимий, билим берүү жана башка чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтык үчүн коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен иш-аракеттердин жолдору, анын ичинде Россиянын «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү маселеси талкууланды.

Күн тартибинде тараптар эки тараптуу, эл аралык жана аймактык негизги маселелер боюнча ачык жана ишенимдүү пикир алмашып, кыргыз-россия стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын тереңдетүүгө болгон өз ара даярдыктарды ырасташты.

Ошондой эле, тараптар мамлекеттик байланыштардын бекемделишин шарттай турган жогорку деңгээлдеги байланыштардын маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылга саясий жана маданий, анын ичинде Кыргызстандын Россиядагы жана Россиянын Кыргызстандагы Кайчылаш жылы деп жарыялануусунун алкагында иш-чаралардын графиги белгиленди.

Делегация башчылары эки тараптуу күн тартибинин негизги компоненттеринин бири болгон соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштардын деңгээлин карап чыгышты. Атап айтканда, экономика, айыл чарба, өз ара соода жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, энергетика, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай кооперациясы жаатында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу маселелери каралды.

"Маселелердин кеңири спектри боюнча кызматташуунун укуктук базасын кеңейтүүгө болгон ниеттер тастыкталды жана аны өркүндөтүү боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар БУУ, ЕАЭБ, КМШ, ЖККУ, ЕККУ жана башка ар тараптуу аянтчаларда конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даярдыктарын билдирди. Консультацияларды аяктап жатып, тараптар стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты, ошондой эле кыргыз-россия кызматташтыгынын бардык чөйрөлөрүндөгү Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы тыгыз кызматташтыкты андан ары бекемдөөнү ырасташты", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий