• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кыргызстанда акыркы суткада 12 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди

COVID - 19 0

Бишкек, 25.09.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 12 миң 82 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 691 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 391 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 798 миң 869 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 594 миң 261 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

Пикир

Оставить комментарий