• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

МСК: 9 айда 148,1 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 04.10.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-сентябрь айында 148 млрд 125 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Ведомстводон белгилешкендей, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 44,3 млрд сомго көп.

Анын ичинде 111 млрд 755,4 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 236,8 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 35 млрд 906,6 млн сомго көп жыйналган (өсүү ыргагы 147,3%).

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 36 млрд 369,6 млн сомду түздү. План 1 млрд 29,6 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8 млрд 443,4 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 130,2%).

Пикир

Оставить комментарий